КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
25-сессиясы
2025-жылдын 16-февралы №25-2
Айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын курамын бекитип берүү жөнүндө.
Айыл өкмөтүнүн алдында 2024-жылдын 10-январында № 01-токтому менен түзүлгөн жер комиссиясынын курамын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына жана Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-бөлүмүнүн 22-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын төмөндөгүдөй курамы бекитилип берилсин:
Анарбек уулу Ырысбек-айылдык кеңештин депутаты, жер
комиссиясынын төрагасы
Абдырахманова Зулфия-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү
Исаев Жеңишбек-айыл өкмөтүнүн башчынын орун басары
Ибирайым уулу Канатбек-жер маселелери боюнча жетектөөчү адис
Жамгырчыев Абдыкадыр-Дары-Булак айылынын айыл башчысы
Калдаров Азатбек-айылдык кеңештин депутаты
Абдүрөшүт уулу Ысмайыл-Батуу айылынын айыл башчысы
Мадираимов Замирбек-Куу-Майдан айылынын айыл башчысы
Карыбеков Нурлан –Ак-терек айылынын айыл башчысы
Мансуров Кыялбек-айылдык кеңештин депутаты
Осмонов Муктарбек-башкы адис юрист
Ташполот уулу Бексултан-башкы адис
Анарбаев Бейшенали-Арбын айылынын айыл башчысы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |