Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

25-сессиясы

 

2025-жылдын 16-февралы №25-3

 

Кеңеш айыл аймагынын  Дары-Булак айылындагы өз ара жардамдашуу

тобун жана алардын Жобосун бекитүү жөнүндө.

                                                                                                                                      

          Кеңеш айыл өкмөтү бир канча жылдардан бери  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция мнистрлиги тарабынан каржыланган «Чексиз мүмкүнчүлүктөр» долбоорунун алкагында  Ош шаарындагы  «Нур заман» өзгөчө балдардын ата-энелеринен түзүлгөн  Коомдук Бирикмеси менен 2023-2024жж түзүлгөн жана кол коюлган кызматташуу келишиминин негизинде  улгайган жарандарга жана майыптыгы бар адамдарга  жеткиликтүү жумуш орунду тузүүнү камсыздоо жана  колдоо, иш ордун түзүү боюнча  кызматташып иштеп келе жаткан аялдардан түзүлгөн  өз ара жардамдашуу тобу  жана Жобосу  жөнүндө айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү»  2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин  2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык  Кеңеш айыл аймагынын  айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Дары -Булак айылындагы «Оомат», аталыштагы түзүлгөн өз ара жардамдашуу топтору аркылуу кичи ишмердүүлүктү жүргүзүү, жардамдашуу топторунун мүчөсү катары иш орунга ээ болуу жана ушул өз ара жардамдашуу тобунун мүчөлөрү тарабынан жалпы иштеп чыккан Жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Орозмамат кызы Айганышка тапшырылсын.

 

Төрага

 

О.С. Абдырахманов

Кеңеш айылдык  кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз 25-сессиясынын № 25-3-токтомуна  тиркеме.

 

             «Оомат»  өз ара жардамдашуу тобу (ӨЖТ)нун   Жобосу

 

1.ТОПТУН ДАРЕГИ: Кеңеш айыл өкмөтү, Дары –Булак айылы

2.ТОПТУН АТАЛЫШЫ: «Оомат» өз-ара жардамдашуу тобу.

3.ТОПТУН МАКСАТЫ: иш орун менен камсыз болуу, кыйынчылык абалдан  чыгуу, калктын аярлуу топторун колдоо жана топтун мүчөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу.

-жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен инклюзивдик кызматташууну өнүктүрүү

-топтун мүчөлөрүнүн ишмердүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу

-ӨЖТко зарыл болгон өндүрүштүк жана социлдык маселелерди алдыга жылдырууга көмөктөшүү

4.ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮНҮН УКУГУ:

-Топтун ар бир мүчөсү өз оюун эркин айтууга,сунушун киргизүүгө укуктуу;

-Топтун жетекчилигине,казыначылыгына,катчысына шайланууга жана шайлоого укуктуу;

-Топтун ортолук фонддун акчасын пайдаланууга укуктуу;

-Топтун  активдүү мүчөсү болууга укуктуу

5.ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ:

-Топтун жобосунда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоого;

-Долбоордун алкагында өткөрүлгөн  окутууларга катышууга;

-Ай-сайын өткөрүлүүчү ӨЖТнын чогулуштарына катышууга;

-Долбоордун алкагында  өткөрүлгөн  окутууларга катышууга;

-ӨЖТнун экономикалык ишмердүүлүгүнө ак ниеттүү катышууга;

-ӨЖТнун уюштурган иш-чараларына катышууга;

-Топтун ортолук фондунун  пайдаланууга алган акчаларын иштеткенден кийин өз убагында кайтарууга;

- Топтун ортолук фондун көбөйтүүнүн жолдорун издөөгө;

-Топтун мүчөлөрүнүң социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүүгө;

-Сырттан алып келинген жардамды максаттуу пайдаланууга жана андан  пайда болгон кирешеден 30 пайызын ӨЖТтун өнүгүү фондуна өз убагында коюууга милдеттүү.

6.ӨЖТтун ЧОГУЛУШТАРЫН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ:

-Топтун чогулуштарын ар айдын 10 числосунда өткөрүү

-Чогулуштарды топтун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө кезеги  менен маакулдашуусу менен өткөрүү

-Чогулушту топтун жетекчиси алдын ала даярдалган күн тартиби боюнча өткөрөт

-Чогулуштун токтому жазылат

-Топтун ар бир мүчөсү токтомго кол коет.

7.ОРТОЛУК (САКТЫК) ФОНДУ ТОПТОО ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ:

-Ортолук фондуна ай сайын  100 сомдон топтолот.

-Акчаны ар бир айдын  10 числосунда саат 17 дө топтун кассирине берилет жана топтун казнасына топтолот.

-Казыначы ӨЖТнун Ортолук фондун түзүп, андагы финансалык каражатты  ар айдын 10 числосунда тапшырат.

-ар бир кечиктирилген күнгө алынган суммадан 1 % пеня кошулат.

8.ӨЖТнын БАШКАРУУ ОРГАНЫ:

ӨЖТнун жетекчисинин/лидеринин  милдеттери:

-Ар ай сайын кезектүү чогулуштарды, керектүү учурда кезексиз чогулуштарды өткөрүү;

-ӨЖТнун чогулуштарынын күн тартибин даярдоо;

-Ортолук фондунунтоптолушун жана ӨЖТнун орто фондун казначейге  өткөрүлүп берүүсүн көзөмөлдөө;

-Топтун ишмердүүлүгүн  жана коюлган максаттарга жетүүсүн көзөмөлдөө;

-Топтун Жобосунун аткарылышын көзөмөлдөө;

-Топтун ар бир мүчөсүнүн талкууларга ,чечим кабыл алуга чогуу иштөөгө катышуусуна шарт түзүү;

-Топко жаны ойлорду сунуштоо жана топтун башка мүчөлөрүн да жаңы ойлорду сунуштоого үндөө;

-Жалпы топтун жана жеке мүчөлөрүнүн жумушу тууралуу отчет берүү;

-Коомдук иш-чараларда,шериктештердин, АӨнүнжана коомчулуктун  алдында топтун атынан жооптуу болуу.

ӨЖТнун казыначысынын милдеттери:

-Топтун акча каражаттарын эсебин жүргүзүү, ортолук фондун, мүчөлүк акынын,ички насыялардын жана орто фондун  кайтарымдуу каражаттарынын эсебин алуу;

-Топтун мүчөлөрүнө жалпы каражаттар тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз берип туруу;

-Топтун ар бир чогулушунда бардык чыгашалар жөнүндө жана учурдагы баланс тууралуу маалымат берип туруу;

-Ички насыялардын эсебин жүргүзүү, канча насыя берилди,кимге берилди,канча мөөнөткө берилди.

 ӨЖТнун кассирнинмилдеттери:

-ӨЖТнун мүчолөрүнүн акча каражаттарын тактоо, эсебин алуу, түшкөн пайданын 30% ортолук каражатка жана калган бөлүгүн эмгек акыга бөлүштүрүү

-Акча каражатын сактоо жана берүү

-Казначыга отчет берүү

1.АЙЫПТАР;

-ӨЖТнун чогулушуна катышпагандыгы үчүн 20 сом айып төлөө,чогулушка кечиксе,ар бир күнүнө 5 сом төлөө.

2.ӨЖТна мүчө болуу жана мүчөлүктөн чыгуу:

-Жаны мүчө топтун чогулушунда өз арызынын негизинде кабыл алынат;

-ӨЖТуна кирип жаткан жаны мүчө 200 сом мүчөлүк акы төлөйт;

-Топтун мүчөлүгүнөн чыгуу мүчөнүн өз арызынын негизинде жалпы чогулушта чыгарылат;

-Топтун мүчөлөрүнүн жалпы саны 7-10 адамдан көп болбошу керек.

ӨЖТун  жоюуу:

-ӨЖТнун жалпы чогулушунун чечими менен жоюлат.

-Кызматташтардын,донорлордун,спонсорлордун талаптарын аткаргандан кийин гана ӨЖТун жоюууга болот.

-Ортолук фондго кошкон салымдарына жараша дивиденд менен бөлүнүп берилет.