Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-майы №7-1
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Кабылан-Көл, Күңгөй, Курулуш жана Кара-Жыгач айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулунун берген маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Курманжан Датка аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл, Күңгөй, Курулуш жана Кара-Жыгач айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
Башкы планды иштеп чыгууга бөлүнгөн 4476800 (төрт миллион төрт жүз жетимиш алты миң сегиз жүз) сом акча каражатын туура сарптап пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн СЭӨП башчысы Ж.Исаковага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык жана Курманжан Датка айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Г. Кимсанбай кызына милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбай уулуна тапшырылсын.
Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |