Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги

25-сессиясы

 

2025-жылдын 16-февралы №25-4

 

Дары-Булак айылындагы Т.Сулайманов атындагы көчөнү

асфальтоо  үчүн долбоорго  өздүк салым  үчүн акча каражатын

бөлүп  берүү тууралуу

 

Ош облусттук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылоо долбооруна жөнөтүлгөн   Дары-Булак айылындагы Т.Сулайманов атындагы көчөнү 1200 метр аралыгын асфальтоо  үчүн долбоордун өздүк салымы  үчүн акча каражатын  ажыратып  берүү тууралуу долбоордун жетекчисинин  сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын  20-октябрындагы № 123- мыйзамынын  3-главасынын  34-беренесинин  2-пунктунун 1чи, 2-пунктчасына  ылайык  Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Дары-Булак айылындагы Т.Сулайманов атындагы көчөнүн 1200 метр аралыгын асфальтоо боюнча долбоордун өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400239(төрт жүз миң эки жүз отуз тогуз) сом, демөорчүлөрдүн салымынан 2 млн.сом сом акча каражаты каржыланып берилсин.

2. Долбоордун сметалык наркынын калган 6000.000 (алты миллион) сом акча каражаты Ош областтык өнүктүрүү фондунан суралсын.

3. Өздүк салым үчүн керектелүүчү акча каражатын таап берүү жагы ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовко милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

Төрага

 

О.С. Абдырахманов