КЕНЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезектеги
26-сессиясы
2025-жылдын 16-апрелиндеги №26-1
Кеңеш айыл амагынын 2012-жылдагы административдик чек
арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара
баяндамасына өзгөрүүсүз калуусуна макулдук берүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2012-жылы түзүлгөн Кеңеш айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123- мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 7-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл амагынын 2012-жылдагы административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасынын өзгөрүүсүз калуусуна макулдук берилсин.
2. Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасына жана Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Депутаттардын берген сунуш-талаптары чек араны кайра тактоодо эске алынсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага |
| О.С. Абдырахманов |