Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-майы №7-2
Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл айылына караштуу жаштар өнүктүрүү борборуна Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 14-пунктуна ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Курманжан Датка айыл аймагынын Кабылан-Көл айылына караштуу жаштар өнүктүрүү борборуна Алай райондук өнүктүрүү фондунан 1,700 миң (бир миллион жети жүз миң) сом акча каражаты суралсын.
Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого СЭӨП бөлүм башчысыЖ. Исаковага жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |