Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июну №8-1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2025-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы жөнүндө
Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын талкуусун угуп Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелериндеги билим берүүнүн сапаты, 2025-жылга ЖРТгө даярдыктары, предметтик олимпиадалардын, класстан тышкаркы жана спорттук иш-чаралардын жыйынтыктары, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалы. МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткарылып жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
Айыл айымагынын өкмөтүндөгү №23 М. Ташиев, №24 К. Аматов, №25 Э. Мурзаев атындагы орто мектептеринин жана Күнгөй №52 баштооч мектебинин 2025-жылга ЖРТгө даярдыктары жана жыйынтыктары боюнча маалымат берүү, 1-4-класстарга берилүүчү ысык тамактын берилүүнүн абалын жөнгө салуу мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.
№17 МЧББМнин тарбия иштери жана балдарга берилүүчү тамак-аштын сапаты. Тарбиячылардын сапаттык курамы боюнча аткаруу иштерин жөнгө салуу, аткарылган иштери боюнча кийинки отурумга калтырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |