Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июну №8-2
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк пулдардын жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшү коомдук саламаттыкты сактоо боюнча жетектөөчү адисинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, коомдук саламаттыкты сактоо боюнча жетектөөчү адиси Н. Жаныбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл аймагында коомдук саламаттыкты сактоо боюнча жетектөөчү адиси Н. Жаныбекованын аткарган иштери белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк пулдардын жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшү коомдук саламаттыкты сактоо боюнча жетектөөчү адисинин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3.Курманжан Датка айыл аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк пулдардын жеңилдиктердин жана пенсиялардын өз убагында төлөнүшү иштеринин абалы боюнча аткарган иштердин айрым кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Саламаттыкты сактоо, социалдык, маданий жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет..
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |