Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июну №8-3
Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2.Курманжан Датка айыл аймагында жайгашкан эмканаларынын кызматкерлеринин элди тейлөөдөгү иштеринин абалы боюнча аткарган иштердин кемчиликтерин жоюу айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |