Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-июну №8-4
Курманжан Датка айыл аймагынын Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондундагы (мындан ары АЖМФ) жерлерин аныктоо жана инвентаризация жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине жана Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Мамытовдун билдирүүсүнө ылайык Курманжан Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Курманжан Датка айыл аймагынын АЖМФ жерлери аныкталсын жана инвентаризация жүргүзүлсүн.
2.Курманжан Датка айыл аймагынын АЖМФ жерлерин аныктоо жана инвентаризация жүргүзүүгө жобого ылайык комиссиянын курамы иштелип чыксын.
3.Бул жаатта тыгыз иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4.Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
Д.Камчыбек уулу |