Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 1

 

«Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин кайра каттоо жөнүндө

 

       Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  2023-жылдын  29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Папан айылдык кеңеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    “Папан айылдык кеңеши”мекемесинин Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн

-            Мамлекеттик тилде: "Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;

-            Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Папан айылного аймака" Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:

-            Мамлекеттик тилде: "Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши " мекемеси;

Расмий тилде: Учреждение "Айылный кенеш Папан айылного аймака

2.  “Папан айылдык кеңеши” мекемесинин Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши жобосу жаңы редакцияда бекитилгендигине байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3.  Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги): Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Папан айылы, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү. М.Абдурасулов к, 7 болуп аныкталсын.

4.   Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

5.   Ош юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы: Папан айылдык кеңешинин төрагасы Тагаев Төрөгелди Түлөкбаевичке жүктөлсүн.

Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

 

 

Төрага:

 

Т.Тагаев