Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы

 

2024-жылдын 28-марты № 3

 

Папан айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Респуликасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрдагы №535 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл өкмөтүндөгү Ак-Буура 3 айылындагы ички көчөлөрүндөгү 9-көчөсүнө Исмаилов Идирисдин ысымын берүүгө макулдук берилсин жана айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.

 

2. Ак-Буура 3 айылындагы 9-көчөсүндөгү Исмаилов Идирисдин үй- бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин(жол тегиздөө, жарыктык орнотуу,электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуу зарылчылыгы жеткирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айылдык кеңешинин архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Т.Тагаев