ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 05-апрели № 1
2024-жылдын башына карата калган каражаттарды бекитүү жөнүндө.
2024-жылга карата калган каражаттарды бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 1-январына карата пайдаланылбай калган 5231,8 миң сом акча каражатынын чыгаша бөлүгү 70629-турак-жай бөлүмүнө 4456,7миң сом, 70825- Маданий иш чаралар бөлүмүнө 100,0 миң сом, 70921-Билим берүү бөлүмүнө 2224-көмүр сатып алуу статьясына 675,1 миң сом, ошондой эле атайын
каражаттын эсебинен 1823,1 миң сом акча каражатынын чыгаша бөлүгү 70629- Турак жай бөлүмүнө 1500,0миң сом, 70911-Бала бакча бөлүмүнө 323,1 миң сом айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык чыгымдоо үчүн бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| Т.Тагаев |