ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы
2024-жылдын 05-апрели № 3
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт» муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү 05.04.2024-жылдагы чыгыш №01-19/327 сандуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын катын карап жана талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында жайытты туура пайдалануу максатында «Жайыт» муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет жана архитектура боюнча Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Т.Тагаев |