Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2024-жылдын 05-апрели № 6

 

Кожо-Келен айылындагы Кыргыз көмүр ишканасына караштуу 7372СР , 7373СЕ сандуу лицензиясына чалгындоо жана казып иштетүү иштерине макулдук берүү жөнүндө.

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 5-апрель №1-19/327 сандуу жана Кыргызкөмүр Мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын 8-февраль 2024-жылдагы №81 катын карап, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан лицензия 2023-жылдын августундагы 7372 СР сандуу лицензиясынын негизинде суралган чалгындоо иштерин жүргүзүү 7373 СЕ жерди казып, иштетүү топуракты көчүрүп, төгүү үчүн «Келечек Плюс Жети» фирмасынын уюштуруусунда өткөн Кожо-Келен айылынын 24-февраль 2024-жылдагы элдик жыйындын протоколуна таянып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Папан айыл аймагындагы Кожо-Келен айылындагы Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын №7372 лицензиясындагы чалгындоо иштерине жана №7373 СЕ лицензиясындагы иштетүүгө суралып жаткан 502-503-504-контурдагы көмүрдү чалгындоого жана иштетүүгө Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы тиешелүү иш кагаздарынын жана чалгындоо, көмүр казуу иштеринин мыйзамдуулугун кароо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, архитектура жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.

 

 

Төрага:

 

Т.Тагаев