Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2024-жылдын 05-апрели № 8

 

Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо участкасындагы жерди трансформациялоо жөнүндө.

Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2024-жылдагы чыгыш №01- 19/327 сандуу катын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин , Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы «Жер участокторун которуу,( трансформациялоо) жөнүндөгү» №145 мыйзамын ,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген, «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө» убактылуу жобону жетекчилике алып, Таш- Короо участкасындагы №363-контурдагы 3,0га кайрак айдоону «Жерлерди бир категориядан башкасына которууга (трансформациялоого)» Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Короо участкасындагы № 363 контурдагы 3,0 га кайрак айдоо жер аянтын Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын мамлекеттик фондунун жери катары, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесине ылайык «Жерлерди бир категориядан башкасына которууга (трансформациялоого)» макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

Т.Тагаев