Редакцияот 15.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын сегизинчи чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясынын

ТОКТОМУ

 

15.01.2025 № 5                                                          

Кара-Мык  айылы

 

Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу № 49 контурундагы 2.50 га жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которуу жөнүндө

 

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун № 01-2/ 1507 20.12.2024-жылдагы, № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңешинин кезектеги экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айылдык аймагына караштуу № 49 контурундагы 2,50 га жайыт жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Тийиштүү документтерди бүтүрүп, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибеовго милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Зикир уулу Мухамеддыканга тапшырылсын.

 

 

Тѳрага

Мурзапар уулу Н.