Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 2
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин чатырын облустук өнүктүрүү фондунан капиталдык ремонттоого долбоор жазуу жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин директорунун 24.04.2025-жылындагы чыгыш №94 сандуу катын карап, Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонттоо максатында Ош облустук өнүктүрүү фондуна долбоор жазып, ремонттоого Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Бөрү айылындагы №90 А.Саипов атындагы орто мектебинин чатырын капиталдык ремонттоо максатында Ош облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 9 232 904 сом ( тогуз миллион эки жүз отуз эки миң тогуз жүз төрт) сом суралсын.
2. Бул токтомдун сметалык тийиштүү иш кагаздарды жана проекттерди даярдап, токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |