Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 4
58,8 га Таш-Короо участогуна генплан даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн кошумча каражатынан 1 033 007 (бир миллион отуз үч миң жети) сом бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Таш-Короо участогундагы 58,8 га жер тилкесине башкы план (генплан) даярдоо зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле сметалык эсептөөлөргө ылайык долбоорлоо иштерине 1 033 007 (бир миллион отуз үч миң жети) сом кошумча каражат талап кылынганын эске алуу менен, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жетекчиликке алып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Таш-Короо участогундагы 58,8 га жер тилкесине генплан даярдоого Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кошумча каражатынан 1 033 007 (бир миллион отуз үч миң жети) сом акча каражаты бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Каражаттын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет экономикалык саясат инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |