Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 1
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чычкан-Кол айылынын А.Муратов жана Э.Матраимов көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен ишке ашыруу максатында өздүк салымга Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 24.11.2025-жылдагы чыгыш №01-13/1937 сандуу катын карап жана талкуулап, Чычкан-Кол айылынын А.Муратов жана Э.Матраимов көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Чычкан-Кол айылынын А.Муратов жана Э.Матраимов көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым катары Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин эсебинен 1 690000 (бир миллион алты жүз токсон миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |