САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №21
“Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Салам-Алик айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасына макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн картасын карап чыгыа Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Н.Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымына жана Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Б.М.Калмурзаева |