Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №22

Райымбек Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин мугалими Кулбаева Мунайим Надырбековнага Салам- Алик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылынын 2024-жылдын 15-февралындагы №2-чечиминин негизинде Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин мугалими Кулбаева Мунайим Надырбековнага Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн Р.Сатыбалды уулу атындагы орто мектебинин мугалими Кулбаева Мунайим Надырбековнага Салам-Алик айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 Б.М.Калмурзаева