Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №24

Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча жумуштарынын аткарылышы жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адис Н.Сулаймановтун маалыматтарын угуп, Салам-Алик айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 .Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча жумуштарынын аткарылышы боюнча Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Н.Сулаймановтун аткарган жумуштары канааттандырарлык деп табылсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрайым

 Б.М.Калмурзаева