Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №27

Салам-Алик айылындагы дача муниципалдык менчиктеги мейманканын жана айланасындагы 0,74 га жер участкасынын айланасын зым тор менен тосуу жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айылындагы дача участкасындагы мейманкананын жана анын айланасындагы 0,74га жер участкасы жөнүндө айыл өкмөтүнүн жер жана жерге жайгаштыруу боюнча адис Н.Сулайманов маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.Салам-Алик айылындагы муниципалдык менчиктеги дача мейманкананын жана анын айланасындагы 0,74 га жер участкасынын айланасын зым тор менен тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 74000 (жетимиш төрт миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Акча каражатын бөлүп берүү жагы Ф.Э.Б. башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрайым

 Б.М.Калмурзаева