Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №28

Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамагы үчүн алты айга акча каражаты аз бөлүнүп калгандыгы жөнүндө.

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тамагы үчүн алты айга акча каражаты аз бөлүнүп калгандыгы жана 2024-жылдын апрелинде “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн 412300 (төрт жуз он эки миң үч жүз) сом акча каражаты керектелери жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Ж.Нуралиевтин маалыматын угуп, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши

                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине алты айга тамагы үчүн акча каражаты аз бөлүнүп калгандыгы жана 2024-жылдын апрелинде “Алиман Ажы Эне” атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси жаңы ачылгандыгы үчүн 412300 (төрт жуз он эки миң үч жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрайым

 Б.М.Калмурзаева