Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №30

Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15 жаш айылынын Шыргама участкасынын күн батыш тарабына арка орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жана өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, 15 жаш айылынын күн батыш тарабына арка орнотуу үчүн муниципалдык менчикке жер тилкесин бөлүп токтом чыгарып берүү жөнүндө 15 жаш айылынын айыл башчысы Н.Сулаймановтун айылдык кеңешке жазган кайрылуусун карап жана жалпы депутаттардын макулдугунун негизинде Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Салам-Алик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15 жаш айылынын Шыргама участкасынын күн батыш тарабындагы Өзгөн-Кара-Шоро мамлекеттик авто жолунун эки жагына арка орнотуу үчүн муниципалдык менчикке 0,01га жер тилкесин бөлүп токтом чыгарып берүүгө макулдук берилсин.

2.Тиешелүү ишкагаздарын даярдап берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана комуналдык менчиктери жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Н.Сулаймановко милдеттендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрайым

 Б.М.Калмурзаева