ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №1
«Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик – аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Талды-Суу, Сары-Таш жана Сары-Могол айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен “Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение “Айылный кенеш айылного аймака “Памр-Алай”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” М-и.
- Расмий тилде: У-е “Айылный кенеш айылного аймака “Памр-Алай”.
2. “Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
3.“Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4.“Памир-Алай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Алай району, Сары-Таш айылы, Мээрим көчөсү, №16 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | Н.Койчуман уулу |