ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 20-февралы №3
«Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси айыл өкмөтүн түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 "Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө" Токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Памир-Алай айылдык кенеши токтом кылат:
1. “Сары-Могол” айыл өкмөтү» мекемеси, «Талды-Суу» айыл өкмөтү мекемеси жана «Сары-Таш» айыл өкмөтү мекемеси бириктирүү жолу менен «Памир-Алай” айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Памир-Алай” айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси.
- Расмий тилде: Учреждение "Айыл окмот Памир-Алайского айылного аймака"
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Памир-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтү» М-и.
- Расмий тилде: У-е "Айыл окмот Памир-Алайского айылного аймака".
2. “Памир-Алай” айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
3. “Памир-Алай” айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ош облусу Алай району Сары-Таш айылы Мээрим көчөсү №16 болуп аныкталсын.
4. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага | Н.Койчуман уулу |