ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели №7
Памир-Алай айыл аймагынын схематикалык картасын бекитүү жөнүндө
Ош облусунун Алай районунун Памир-Алай айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Памир–Алай айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Памир–Алай айыл аймагынын Схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макул.
2. Памир – Алай айылдык кеңешинин төрагасына жана Памир-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына
Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
Төрага | Н.Койчуман уулу |