ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 18-апрели №7-1
Кызматкерге ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандоо каты жана Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө КР Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана Жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен келишим түзүп, бекитүү жөнүндө Памир-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1 . Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандоо каты жана Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө КР Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана Жарандык абалдын актыларын катоо департаменти менен келишим түзүлүп бекитилсин.
2. Келишимдин негизинде мыйзамга ылайк иш алып баруу жоопкерчилиги Памир-Алай айыл өкмөтүнүн санариптештирүү жана IT технологиялары боюнча башкы адиси Шарипова Айгуль Камиловнага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башчысы К.А.Анарбаевге тапшырылсын.
Төрага | Н.Койчуман уулу |