Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы

 

2024-жылдын 19-апрели  №10-1

Жайлоого көчүрүү,жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн белгилөө жана айып пулдар жөнүндө

1.Памир-Алай айыл өкмөтүнүн тургундары 2024-жылдын 15-майдан 25- майга чейин жайлоого көчүү, 2024-жылдын 15-сентябрынан көчүп келүү жагы белгиленсин.

2. Сырттан алып келген малдарды айылга киргизбей, алыскы жайыттарга, жайлоолорго көчүрүлсүн. Жакынкы жайлоолоруна отургандарга жана жайлоодон белгиленген мөөнөттөн эрте көчүп келгендерге 5000-10 000 сомго чейин, ал эми айдоо жерлерге, үлүш жерлерге түшкөн ар бир малдын башына 500 сомдон айып пул салынсын.

3. Кароосуз, өз билемдик менен сырттан алынып келинген мал-жандыктардын санын каттатпай, айыл өкмөттүн жайыт комитеттери менен келишим түзбөстөн жана ветеринардык көзөмөлсүз киргизген ар бир жылкы жана ири мүйүздү малдын башына эң төмөнкү көрсөткүч 500 сом ал эми майда жандыктын башына 100 сомдон 5 эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейин жазана салынсын.

4. Белгиленген мөөнөттө жайлоого көчүрүү, айдоо жерлерге, үлүш жерлерге түшкөн малды көзөмөлдөө жагы Памир-Алай айыл өкмөтүнүн жер адиси Ибраим уулу Уланбекке, айыл башчыларына жана жайыт комитеттерине жүктөлсүн.

Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Транспорт,коммуникация,курулуш, жерге жайгаштыруу,электр тармагы,айыл чарбасы, жайлоо, жайыт жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 Төрага

 Н.Койчуман уулу