ПАМИР-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Памир-Алай айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №10-5
Памир-Алай айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Памир-Алай айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Памир-Алай айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mmk.gov.kg дарегиндеги расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Н.Айтмаматовго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Памир-Алай айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жээнбай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Койчуман уулу |