Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КөК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз 33-сессиясы

 

2024-жылдын 26-июлу  №33-01

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча айыл өкмөттүн 2024-жылдын 24-июлунда чыккан № 20-токтомун бекитип берүү жөнүндө

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча айыл өкмөттүн 2024-жылдын 24-июлунда чыккан №20-токтомун бекитип берүү сураныч катын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2- пунктунун 4- пунктчасына ылайык Көк-Бел айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо жумуштарына корректировка жүргүзүү боюнча даярдалган материалдарды бекитүү боюнча айыл өкмөттүн 2024-жылдын 24-июлунда чыккан №20-токтому бекитилип берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, суу, жайыт жана жаратылыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

А.Ашимов