Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 14-сессиясынын жыйналышынын
ТОКТОМ
12.10.2023 №14/2
Тогуз-Булак айылы
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Закиров Акун Аажы аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Закиров Акун Аажы аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 7 -шайланган) № 14-сессиясынын жыйналышы
Тотом кылат:
1.Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү аксакал болгон маркум Закиров Акун Аажы аксакалдын ысымын берүү жөнүндөгү Тогуз-Булак айылынын Олжотой участкасындагы жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.
2. 05-октябрь 2023-жылда өтүлгөн Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына караштуу Олжотой участкасынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Олжотой участкасынын ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Закиров Акун Аажы аксакалдын ысмы берилсин.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына караштуу Олжотой участкасынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Олжотой участкасынын ички жолу 2023-жылдын 12-октябрдан баштап Закиров Акун Аажы атындагы көчө деп аталсын..
4. Суралсын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылына караштуу Олжотой участкасынын ички жолуна Закиров Акун Аажы атындагы көчө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрайым | Г.Жумаева |