Редакцияот 03.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 15-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

03.11.2023 №15/1                                                   

Тогуз-Булак  айылы

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кабыл алган бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Сары-Булак айылдык округунун 2023-жылдагы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ФЭБ. Башчы А.Мамажусуповдун мааклыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин аппарат бөлүмүнүн эмгек акы жана соц. фонд бөлүмүнө кошумча смета киргизилсин.

2. Сары-Булак айылдык округунун 2023-жылдагы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кара-Кулжа райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева