Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 16-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

19.01.2024 №16/1                                                   

Тогуз-Булак  айылы

 

Сары-Булак айылдык аймагынын Тегерек-Саз айылынын М. Калыбеков көчөсүнө шагыл төшөө жана жарыктандыруу үчүн жазылган долбоорго айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ош облусунун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Сары-Булак айылдык аймагынын Тегерек-Саз айылынын М. Калыбеков көчөсүнө шагыл төшөө жана жарыктандыруу үчүн, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Бакировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылынын М. Калыбеков көчөсүнө шагыл төшөө жана жарыктандыруу долбооруна өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 150000 (бир жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Бакиров Жамшитбек Токтосуновичке милдеттендирилсин

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева