Редакцияот 22.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 19-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

22.04.2024 №19/1                                                   

Тогуз-Булак  айылы

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Сары-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Сары-Булак айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Сары-Булак айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2. Сары-Булак айылдык кеңешинин төрайымына жана Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева