Редакцияот 04.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 20-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

04.06.2024 №20/1                                                   

Тогуз-Булак  айылы

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Сары-Булак айылдык округунун 2024-жылдагы кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ФЭБ. Башчы А.Мамажусуповдун маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши

Токтом кылат:

1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнө кошумча смета киргизилсин.

2. Сары-Булак айылдык округунун 2024-жылдагы кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы Кара-Кулжа райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева