Редакцияот 04.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган ( 7-шайланган ) № 20-сессиясынын жыйналышынын

ТОКТОМ

 

04.06.2024 №20/4                                                   

Тогуз-Булак  айылы

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылындагы калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Бердибаев Мизан Осмоновичтин ысымын берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун кароо жөнүндө

 

Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Бердибаев Мизан Осмоновичтин ысымын берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушун угуп жана талкуулап Депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган ( 7 -шайланган) № 19-сессиясынын жыйналышы

Тотом кылат:

1.Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын калктуу конушунун ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн эл кызматына эмгеги синген эл кадырлаган таасирдүү инсан болгон маркум Бердибаев Мизан Осмоновичтин ысымын берүү жөнүндөгү Кара-Булак айылынын жалпы жашоочуларынын элдик жыйынынын сунушу жактырылсын.

2. 15-май 2024-жылда өтүлгөн Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кара-Булак ички жолуна ушул эле айылда туулуп өскөн элге эмгеги синген, эл кызматына татыктуу уул кыздарды тарбиялап өстүргөн Бердибаев Мизан Осмоновичтин ысмы берилсин.

3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын жашоочуларынын жалпы элдик жыйынынын колдоосунун негизинде Кара-Булак ички жолу 2024-жылдын 04-июнунан баштап Бердибаев Мизан Осмоновичтин атындагы көчө деп аталсын.

4. Суралсын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылынын ички жолуна Бердибаев Мизан Осмоновичтин атындагы көчө деп документештирип берүү жагы Кара-Кулжа райондук Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрайым

 Г.Жумаева