Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 6
Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө,
дин тутуу каадаларына жана салттарына ылайык маркумдарды жерге берүү тартибин сактоо, мүрзөгө эстелик орнотууда ысырапкорчулукту болтурбоо боюнча жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 токтому менен бекитилген талаптарды аткаруу максатында, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иштерин тартипке салуу, дин тутуу каадаларына жана улуттук салттарга ылайык маркумдарды жерге берүү тартибин сактоо, ошондой эле мүрзөгө эстелик орнотууда ашыкча чыгымдарга жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө, дин тутуу каадаларына жана салттарына ылайык маркумдарды жерге берүү тартибин сактоо, мүрзөгө эстелик орнотууда ысырапкорчулукту болтурбоо боюнча Жобо» бекитилсин (тиркелет).
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын уюштуруу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тиешелүү мекемелер жана диний өкүлдөр менен өз ара кызматташууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.
3. Аймактагы көрүстөндөрдү башкарууга жооптуу адамдарга жана тиешелүү комиссияларга Жобонун талаптарын так сактоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Дин, каада-салт, социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |
Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
– санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
– көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
– кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
3. Укуктук негизи:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
– “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтому;
– башка ченемдик укуктук актылар.
4. Ушул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) – арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылуучу көмүү жайларын резервдөө. Брондоо укугу – нике күбөлүгү болгон учурда жубайына таандык.
брондоо келишими – арыз ээси менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;
көмүү жайларынын реестри – көмүү үчүн көрүстөн боюнча бош жана ээленген жайларды эсепке алуунун маалыматтык системасы.
5. Көмүү жайларынброндоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
– санитардык жана экологиялык талаптарды;
– шаар куруу талаптарын;
– диний, этностук жана маданий салттарды.
2-глава. Көмүү жайларын брондоонун наркын эсептөө
6. Көмүү жайларын брондоонун наркытөмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К, мында:
БН – брондоонун наркы,
ЭК – административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн – 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар – 750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар – 500 (беш жүз).
К – маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
– көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
– жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
– суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
– дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б.