Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
04.04.2025 Жаңы-Арык айылы
Салык Кодексине ылайык калктуу конуштун таштандыларын ташып чыгаруу жана короо жанындагы жана жер участокторун пайдалануу үчүн, жер салыгынын төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы
№52-“Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунда аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүү максатында, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифин жеке жактар үчүн ар бир кожолукка жылына 50 (элүү) сом, ал эми юридикалык жактар үчүн бир жылына 100 (жүз) сомдон бекитилсин.
2. Короо жанындагы жана жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы, 1 (0,01) чарчы метри үчүн төлөм, жылына 15 (он беш) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Дунаев