Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2025-жылдын 28-ноябры № 7
Ички каналдардын корук зоналарын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Суу кодексине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ирригациялык каналдарды коргоо, мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу жана суу чарба объектилеринин коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү бардык ички каналдардын корук зоналары каналдын таманынан (негизинен) эки жагына 6 (алты) метрден белгиленсин.
2. Белгиленген корук зонасынын чегинде турак жай, чарбалык жана башка курулуштарды курууга, жер казуу иштерин жүргүзүүгө, каналдын иштешине тоскоолдук жараткан аракеттерге тыюу салынсын.
3. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө корук зоналарынын чектерин аныктоо жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тиешелүү кызматтар менен биргеликте көзөмөл уюштуруу айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агрардык саясат, айыл-чарба, жайыттар, жер, курулуш, транспорт, сугат жана таза суу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| М.Мырзабеков |