Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
04.04.2025
Жаңы-Арык айылы
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №708 контурда жайгашкан 0.5 га жер тилкесинин ичинен Кара-Суу РИИБнүн Отуз-Адыр АМБнүн аймактык тескөөчүлөрүнө 0.05га жер ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын №708 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.50 га муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен Кара-Суу РИИБнүн Отуз-Адыр АМБнүн аймактык тескөөчүлөрүнө 0.05 га жер аянтын калкты тейлөө үчүн ишкананын имаратын курууга макулдук берүүгө Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын
№708 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.50 га муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен Кара-Суу РИИБнүн Отуз-Адыр АМБнүн аймактык тескөөчүлөрүнө
0.05 га, жер аянтын калкты тейлөө үчүн ишкананын имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесине тиешелүү иш-кагаздарын жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Мамашов
|