Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги

XIV сессиясы

2023-жылы 18-декабры №82

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык “К” коэффицентинин маанисин жана кыймылсыз мүлктүн 1,2,3 топтогу объектилерине социалдык салык чегерүү жөнүндө

Алтын-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги

X сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап, талкуулап  Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 5-пунктун жетекчиликке    “Финансы экономика,бюджет боюнча туруктуу комиссиянын талкууланып, айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Мамажанованын сунушун угуп Алтын-Булак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алтын-Булак айыл аймагынын экономикалык пландоонун аймактык коэффиценти “К”1ге барабар деп кабыл алынсын.

 

2. Айыл чарба багытында эмес жер салыгынын эсептөө жана кыймылсыз мүлктүн 1,2,3топтогу объектилерине салык чегерүү 2024-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирсин.

 

 

3. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыктары жергиликтүү бюджеттин эсебинде калтырылсын.

 

4. Айыл өкмөттүн карамагындагы ар бир кожолугуна 50 сомдон таштанды чыгаруу салыгы бекитилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин “Финансы экономика бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция” маселелери боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым:

 З.Разакова