Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын
04.04.2025
Жаңы-Арык айылы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгын ишке ашыруу үчүн Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүндө түзүлгөн жобону бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 Жарлыгын жетекчиликке алып, ыксыз чыгымдарды азайтууну карап чыгып, аймактагы жарандардын талаптарын угуп, Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө иштеп чыккан үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү жобону карап, Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Ынтымак айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ырым-жырымдарын өткөрүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Ынтымак айыл өкмөтүнүн иштеп чыккан жобосу бекитилсин.
2. Бул жобо Ынтымак айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн жумушчу комиссиялары жана айыл башчылары аркылуу жашоочуларга жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер, маданият жаштар, спорт регламент жана депутаттык этика боюнча комиссияга жүктөлсүн .
Тѳрага | Б.Мамашов
|