Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жергиликтүү кенештин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги

XV сессиясы

2024-жылы 19-январы №84

 Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү боюнча  2025-2026-жылдардагы  бюджеттеринин болжолун кароо жөнүндө

           

Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы 2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү  2025-2026-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында  алдан ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Алтын-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылы Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин такталган бөлүгү 16147,5 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 15897,8 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар 14596,5 мин сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 145,9 мин сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2024- жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү тамак аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр.)коммуналдык кызматар ( көмүр, отун,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

6. Жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.

7. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды тлук каржылоо үчүн жергиликтүу өз алдынча башкаруу орогандары жоопкерчилигин алышат.

8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

10. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовая наличность)айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 50,0 мин сом өлчөмүнө белгиленсин.

11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы, салык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрайым:

 З.Разакова