КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2024-жылдын 12-январы №26-04
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинен “Көк-Бел нуру” бала бакчасынын тамак ашына акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 28- беренесинин 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 102-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесине 2024-жылга ар бир балага 18 сомдон - 361,4 миң сом жергиликтүү бюджеттен каражат каралсын.
2. “Көк-Бел нуру” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде 2024-жылга ата-энелерден түшкөн каражатына жыл ичинде тактоолор жүргүзүлсүн.
3. Каралган акча каражаты менен өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ашимов |