Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы  №26-06

Көк-Бел айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү  бюджетинен 2023-жылдан калган калдыкты бекитүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ”  Мыйзамынын негизинде, Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2023-жылдан калдык болуп калган 3 244 100 сом акча каражатын бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, айыл элинин жазган сунуштарын жана арыздарын эске алуу менен, алардын сунуштарын канааттандыруу максатында  Көк-Бел айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2023-жылдын бюджеттик эсебинен калган калдык кирешелери жана чыгашалары 3 244 100 сом өлчөмүндө бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

2. Жогорудагы бекитилген акча каражатын максаттуу, өз багытында пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Карыбековго жана финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага

 А.Ашимов