КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2024-жылдын 12-январы №26-07
Айылдык кеңештин 2024-жылга иш планы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101“ Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, сунушталган иш планды карап жана талкуулап чыгып Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылдык кеңештин 2024-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин. ( №1-тиркеме)
- Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына, жооптуу катчысына бир жылдык иш пландын негизинде жумуш алып баруу жагы тапшырылсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.Ашимов |
Бекитемин
Төрага ____________________А.Ашимов
12-январь 2024-жыл
Көк-Бел айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планы
№ |
Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү, мезгили |
Ким аткарат |
1 | Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчет алуу | январь | Айылдык Кеңеш |
2 | Көк-Бел айыл өкмтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү | январь | Айылдык Кеңеш |
3 | Жайыт комитетинин 2023-жылы аткарган иштери боюнча отчетун алуу, 2024-жылга бюджетин бекитүү | январь | Айылдык Кеңеш |
4 | Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы аксакалдар сотунун, аялдар Кеңешинин жаштар уюмунун иш пландары менен таанышуу, көзөмөлгө алуу | март | Туруктуу комиссиялар, жооптуу катчы |
5 | Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарын, көрктөндүрүү иштерин жана санитардык абалды көзөмөлгө алуу, уюштуруу | март | Туруктуу комиссиялар, айыл башчы |
6 | Көк-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2022-жылы болгон кылмыштуулуктар жөнүндө маалымат алуу | апрель | Участкалык инспектор, жооптуу катчы |
7 | Башка жактан келген малдардын жайыттарга жайгаштырылуусун көзөмөлгө алуу | Апрел-май | Туруктуу комиссия, Т.Турдуев |
8 | Айыл өкмөттүн иш чараларына, спорт оюндарынын өтүүсүнө көзөмөл кылуу | дайыма | Туруктуу комиссиялар |
9 | Айыл өкмөттүн тендерге берген иштери таза акыйкат өтүүсү үчүн көзөмөл жүргүзүү | дайыма | Туруктуу комиссия |
10 | Ар квартал сайын Айылдык Кеңештин кезектеги сессиясын бирден кем эмес жолу өткөрүү | квартал | А.Ашимов, А.Жороев |
11 | Депутаттардын айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларын ишмердүүлүгү боюнча атайын отурумдарды уюштуруу, практикалык жардам көрсөтүу | дайыма | Жооптуу катчы |
12 | Айылдык Кеңештин сессиясында айтылган сын пикирлер боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышы боюнча кийинки сессияда билдирип туруу | Ар сессиядан кийин | Жооптуу катчы |
13 | Туруктуу комиссиялардын отчетторун график менен өткөрүу | Квартал сайын | А.Ашимов, А.Жороев |
14 | Айыл өкмөттун башчысынын 6-9 айда иштери боюнча отчетун угуу | Июль. Октябрь | Айылдык Кеңеш |
15 | Пландан ашыкча түшкөн каражат эсебинен 6-9 айда жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү | Июль. Октябрь | Айылдык Кеңеш |
16 | 2025-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү | декабрь | Айылдык Кеңеш |
17 | Зарылчылыгына карап кезексиз сессияларды өткөрүү | дайыма | Айылдык Кеңеш |
Көк-Бел айылдык Кеңешинин
жооптуу катчысы А.Жороев