КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Бел айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги 27-сессиясы
2024-жылдын 29-январы №27-02
Көк-Бел айыл аймагындагы “Акбуура” суу түтүгүнүн башкы суу алуучу курулмасын жана 8,3 км суу түтүгүн Ноокат райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь № 123“ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ” Мыйзамынын негизинде, сунушталган элдик жыйындын чечимин карап жана талкуулап чыгып Көк-Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айыл аймагынын дыйкандарынын 2024-жылдын 15-январындагы чогулушунун чечими аткарууга алынсын.
2. Көк-Бел айыл аймагындагы “Акбуура” суу түтүгүнүн башкы суу алуучу курулмасын жана 8,3 км суу түтүгү малекеттик менчикке алынып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүлүп берилүүсүнө уруксат берилсин.
3. Токтом айыл өкмөтү тарабынан катталып, сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине
иргизүү үчүн Ош облусунун юстиция башкармалыгына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Сейдалиевага милдеттендирилсин
Төрага | А.Ашимов |